Пример HTML-страницы

Ысык-Көлгө келген баткендик жигит досторунун көз алдында өмүр менен коштошту

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Бостери айылында 25 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Кырсык 23-июль күнү «Борбор» эс алуу пляжында болгон. Баткен районунун 1997-жылы туулган тургуну достору менен көлдүн жээгинде эс алып жүргөн. Ал сууда сүзүп жатып чөгүп баштаганда, достору кыйкырып жардамга чакыра башташкан. Куткаруучулардын жардамы менен жигит суудан чыгарылган, бирок каза болуп калган.

Маалымат милицияга тез жардам кызматынан түшкөн.

Бул факт боюнча материалдар Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE