Пример HTML-страницы

Ысык-Көлгө эс алуу үчүн келген бишкектик тургун күтүүсүз жерден кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Чок-Тал айылында жол кырсыгы катталып, эки айдоочу райондук ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-июль күнү Бишкек шаарынын 1984-жылы туулган тургуну С.К. Чолпон-Ата шаарына барып эс алып келүү үчүн эрте менен «Ниссан Икстрайл» үлгүсүндөгү унаасы менен жолгон чыккан. Саат 08:00 чамасында Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Солнышко» эс алуу жайынын тушунан рулда уктап кетип, жол жээкте токтоп турган Кара-Балта шаарынын 1976-жылы туулган тургуну Р.Т.ны жана «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү кичи автобусун сүзүп алган. Натыйжада жогорудагы эки айдоочу жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган.

ЖККК бөлүмү жалпы айдоочулардан жогорудагы жол кырсыгы айдоочу эс албастан чарчаңкы абалда автоунаа башкарып бара жатып уктап кеткендиктен болгондугун эске алып, чарчаңкы абалда автоунаа башкарып жол жүрбөлөрүн суранат.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Балта—Чолпон-Ата каттамында жол кырсыгы катталгандыгын жазган. «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу жүргүнчүнү түшүрүү үчүн «Солнышко» пансионатынын жанына токтогон. Андан кийин айдоочу багаждан жүргүнчүнүн буюмдарын алып чыгуу үчүн унаадан түшкөн. Ал киши кичи автобустун артында болгон, ошол учурда аны бир жеңил унаа сүзгөн. Окуяга күбө болгондордун айтымында, унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кичи автобустун айдоочусу бутунан оор жаракат алган. Жеңил унаанын ичинде кичинекей балдар болгон. Алардын абалы азырынча белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE