Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жол күзөтчүлөрдүн көзүнө түшкөн унаа токтотулуп, айдоочуга 20 миң сом айып пул салынды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштери уланууда.

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Түп райондук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан «Даймлер Крайслер» үлгүсүндөгү унаа токтотулду. Айдоочу — 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.И. аталган унаанын терезесин караңгылатып алып, башкарып жүргөн.

Унаанын терезесин уруксаты жок караңгылатып алып башкарып жүргөндүгү үчүн айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 20 миң сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE