Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө кыргыз элинин «расмий эмес» баатыры С.Жээнбековдун алган пенсиясына нааразы

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбетов, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев жана Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировдун эл менен жолугушуусу болуп өттү.

Анда Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылынын тургуну Руслан Чегирткеев Сооронбай Жээнбековду экс-президент наамынан ажыратууну суранды.

«Мен бир көзүмдөн жаракат алгам. Кыргыз элинин расмий эмес баатырымын. Учурда Сооронбай Шариповичке нааразымын. Так билбейм, бирок ал пенсия алууга татыксыз адам. Укук коргоочуларды күнөөлөгүм келбейт, алар да ошол убакта бийлик өкүлдөрүнүн буйругун аткарышкан. Ал баштаган окуянын кесепетинен отуздан ашык бала жаракат алганбыз. Жеке өзүм 9 ок жегем. Мен жеке сизге барып, кире алган жокмун. Анын экс-президент наамын алууну өтүнөм», — деди ал.

2020-жылы октябрь айындагы митингде Руслан Чегирткеев көзүнөн жаракат алган.

Видеону 01:30:48 мүнөттөн баштап көрүңүз…

Быйыл Кыргызстандагы эң жогорку пенсия 170 миң сомду түздү. Мындай пенсияны өлкө боюнча 1 гана адам алат. Turmush басылмасынын кабарчылары райондордогу пенсиялардын суммасы боюнча маалымат топтошту.

  • Буга чейин Соцфонд 2022-жылдын январь-октябрь айларына карата пенсиялардын каржылоонун көлөмү 46 млрд 722,4 млн сомду түзгөнүн билдирген. 2022-жылдын октябрына карата пенсиялардын көлөмү 5 млрд 795,3 млн сомго жеткен.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык пенсиялар Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын алкагында жыл сайын индексацияланат. Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулады жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15% жогорулады.

Социалдык фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түздү. Боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түздү. Бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33% же 1988 сомго жогору.

735,7 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 4 424,3 млн сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 083,0 млн сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 341,3 млн сом кошумча керектелет.

Пенсионерлер 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алышат.

Пенсиялардын көрсөткүчтөрү:

Райондордогу пенсиялардын көлөмү боюнча маалыматты Turmush сайтына катталуу менен окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE