Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө эне менен бала 1 күндө каза болуп, 7 адам ооруканага жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-августта Балыкчы–Ананьев–Каракол жолунун 24-чакырмындагы унаа кырсыктан 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун 36 жаштагы тургуну Ш.Д. «Фольксваген Пассат» унаасы менен бара жатып жол четиндеги даракты сүзгөн. Анын кесепетинен унаанын 76 жаштагы жүргүнчүсү, айдоочунун апасы Ш.М. ошол жер каза болгон. Айдоочу болсо Балыкчы шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Унаада келе жаткан 7 адам (3 чоң адам, 4 бала) ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди. Кырсыктын келип чыгышына катуу ылдамдык себеп болгон. Учурда бул факты боюнча экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE