Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө баатыр энелерге сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-март — Айымдардын эл аралык күнүндө Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери баатыр энелер жашаган даректерге барышып, аларды жаз мезгилинин алгачкы майрамы менен куттукташууда.

Милиция кызматкерлери алар менен бирге өз өмүрлөрүн татаал кесипке арнаган ардактуу эс алуудагы кесиптеш айымдарын да унутта калтырышкан жок. Бүгүнкү күндө алар ардагер болушса да, кызмат өтөп жатышкан милиция кызматкерлерине укук тартибин сактоодо жардамдарын берип келишүүдө. Милиционерлер куттуктап барган бардык майрам ээлерине бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат турмуш каалап өтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE