Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө 20 жылдыктар классташ кызына 800 миң сомго үй куруп беришти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Григорьевка айылындагы жалгыз бой энеге классташтары үй куруп беришти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, Грикорьевка айылынын А.С.Пушкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебин мындан 20 жыл мурун аяктаган 1985-жылы туулган жигиттер классташ кызына үй салып беришти.

«Классташ кызыбыздын турак үйү жок болчу. Ал учурда 1 кызды жалгыз тарбиялап-өстүрүүдө. Жалпы 30 жигит топтолуп, ага 3 бөлмөлүү үй куруп берүүнү чечтик. Үй салууга жалпы 800 миң сом акча каражаты сарпталды. Ысырапчылыктан ордуна үй куруп берүүнү тандадык, бизден кийинки өсүп келе жаткан муунга үлгү болоруна ишенебиз», — дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE