Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн Темир айылындагы классташтар жалгыз бой энеге турак үй куруп беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Темир айылынын 1985-жылы туулган тургундары жалгыз бой эне Какен Жүзөнбаевага 4 бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл тургуну Айбек Дербишевдин айтымында, 40 классташ айылдашы Какен Жүзөнбаеванын үйүнүн жараксыз абалын көрүп, жардам берүүнү чечишкен.

Жалгыз бой эне күйөөсүнөн эрте ажырап калган. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 4 баласы (2 баласы 1-топтогу, 2 баласы 2-топтогу майып) бар.

Классташтар 1 млн сомдон ашык каражат чогултушкан.

Бүгүн, 20-мартта курулган турак үйдүн ачылышы өтүп, ага айыл тургундары кызыл тасмасын кесишти. Какен Жүзөнбаевага демөөрчүлөр, айылдык кеңештин депутаттары үйгө керектелүүчү (ашкана эмереги, кир жуучу машина, нан бышыргыч, идиш-аяк) буюмдарды белек кылышты. Ал эми классташтардын жубайлары, жууркан-төшөк тигип беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE