Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Б.Дүйшөналиев Кытайдан унаа ташып келе жатып, күтүлбөгөн окуяга туш болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну Бактыбек Дүйшөналиев Кытайдан унаа алып келе жатып, кырсыкка кабылды.

Анын айтымында, күтүүсүз кырсык 2024-жылдын 9-февралында болгон.

«Мен 1972-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөм. Учурда “Кыргызалтын” ААКта иштейм. Азыркы тапта акы төлөнбөгөн эмгек өргүүдөмүн.

Кырсык 2024-жылдын 9-февралында Долон ашуусунда катталды. 7-февраль күнү 6 жаңы унаа жүктөп, Кытайдын аймагынан чыккам. Эртеси, 8-февраль күнү Ат-Башы районуна жетип келдим.

9-февралда Долон ашуусунун кырына 100-200 метрдей чыгып калгам. Унаам ошол жерден жүрбөй баштады. Артка кетип, үстүндөгү 6 унаанын тең оң жак капталы жараксыз болуп калды. Унаалар Кочкор районундагы унаа токтуучу жайда турат. Ээлери келип, “мынча акча төлөйсүң” деп айтыша элек. Бишкек шаарына алып барып, баасын чыгарыш керек, ошондо билинет.

Мен башкарган оор жүк ташуучу унаа да меники эмес, бирөөнүкүн айдап келе жаткам», — дейт Бактыбек Дүйшөналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE