Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Аширбек Абышов таштак жерге бакча түптөдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 67 жаштагы тургуну Аширбек Абышов таштак жерди өздөштүрүп, мөмө-жемиш өстүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы баарлашты.

Абышов Ысык-Көл районунун Темир айылында төрөлгөн.

«Багбанчылык менен бала кезимден эле алектенем. Багбанчылыкты мектепте окуп жүргөндө, колхоздун жумуштарынан жана айылдагы багбанчылардан үйрөнгөм.

Аракет болсо Балыкчыга баарын өстүрсө болот. Бакчамда алма, өрүк, алмурут, шабдалы, алча, карагат, жаңгак, кара өрүк бар. Жалпысынан 40 түп бар, жарымы өрүк. Аларды бутайм, түбүн бошотом, кык себем, сугарам, убагында дарылайм. Сатып кошумча каражат табам.

Балыкчы таштак жер, оңой менен эч нерсе өспөйт.

Мен болсо, биринчиден, эрикпей топурагын электен өткөрдүм, андан кийин ага кык аралаштырдым. Ошондон кийин көчөттүн түрүн отургуза баштагам.

Мындан сырткары, мал чарба менен алектенем», — дейт Абышов.

Каарманыбыздын жубайы, төрт кыз, бир уулу бар.

«Кыздарым турмушка чыккан, уулум үйлөнгөн. Учурда 9 жээн неберем бар», — деди Абышов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE