Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган жарандар катталган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусундагы коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалы тууралуу маалымат.

2020-2022-жылдары эпидемиологиялык абал курчуп кеткенден бери 7 айдын ичинде коронавирус жана пневмония менен ооругандар 14 миң 161ге жетти же республикалык көрсөткүчтүн 7,0 пайызын түздү.

14 миң 161 бейтаптын ичинен 7 148 адамда лабораториялык тастыкталган коронавирус инфекциясы аныкталса, 7 013 адам клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган. 2022-жылы 7 ай ичинде 620 учур аныкталган, анын ичинен 499 лабораториялык тастыкталган жана 121 клиникалык жана эпидемиологиялык учур.

— Январь айында 399 учур катталган;

— Февраль айында 190 учур катталган;

— Март айында 19 учур катталган;

— Апрель айында бир дагы учур катталган жок;

— Май айында 2 учур катталган;

— Июнь айында 2 учур катталган;

— 1.07.2022—18.07.2022 аралыгында 8 учур аныкталган.

Бүгүнкү күндө коронавирустан каза болгон адамдар каттала элек жана ооруканага жаткырылган адамдар да аз. Коронавирус жуктурганы белгилүү болгон адамдардын дээрлик бардыгында оору жеңил өтүүдө же такыр эле коронавирустун белгилери байкалган жок. Көбү чет өлкөгө кетүү үчүн тест тапшырганда гана коронавирус жуктурушканын билип жатышат. Алардын баары өздөрүн жакшы сезип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE