Пример HTML-страницы

Ысык-Атада жеңүүчүлөргө Ысык-Көлгө эс алууга жолдомолор тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районунда «Жыл мугалими-2022» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Сынакта жалпысынан 14 мугалим күч сынашып, ар бири өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү мыктылыгын көрсөтүштү.

«Жыл мугалими-2022» сынагынын катышуучуларын сыйлоо иш-чарасына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев, билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук уюмунун төрайымы Бактыгүл Тыныбекова жана башкалар катышып, сынактын катышуучуларына белектерди тапшырышты.

«Жыл мугалими-2022» сынагында К.Рыскулова атындагы Кант мектеп-гимназиясынын мугалими Мамбеталиева Жыпаркүл Барыктабасовна 1-орунду багындырып, жеңүүчү деп табылды. 2-орунга Н.С.Баранов атындагы Новопокровка мектеп-лицейинин мугалими Гүлзат Сариева ээ болсо, 3-орунду Д.Мамашева атындагы орто мектебинин мугалими Венера Кенешбаева жана Я.Я.Ваккер атындагы орто мектебинин мугалими Индира Аманжоловалар багындырышты.

1-2-3-орунду ээлеген жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомолор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE