Пример HTML-страницы

У.Нурлановдун жаныбарларга болгон сүйүүсү ветеринардык билимин Берлинге чейин барып, жогорулатууга түрткү болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын 28 жаштагы тургуну Улугбек Нурланов мал доктур кызматын аркалап, көптөгөн мал-жандыктарды дарылап келет. Ал бул кесипке ээ болуу үчүн борбор калаадагы университетте гана окубастан, Германиянын Берлин шаарында билимин жогорулатканын Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринардык билим алгам. Окуумду жогорулатуу максатында Германиянын Берлин шаарындагы университетке тапшырып, ийгиликтүү аяктадым. Андан кийинки практиканы да эске алганда, жалпы 8 жыл окуп коюптурмун. Кыргызстан айыл-чарба жаныбарларына бай, бирок кадр жагдайында жана ветеринардык структурада маселелер көп. Ошондуктан ушул кесипти тандап, өлкөбүзгө салмактуу салым кошкум келди», — деди ал.

Каарманыбыз мал-жандыктарды бала кезде жакшы көрөрүн айтат.

«Өзүм шаарда чоңойсом да, мал-жандыктарга жакын болчумун. Мектепте жайкы каникулга тараганда, айылга барууга шашчумун. Кандай жандык болбосун, орой мамиле кылуу мен үчүн мүмкүн эмес. Азыркы тапта малды ар-түрдүү ыкмалар менен дарылап, аман алып калган жолдорун кыргыз элиме интернтет аркылуу көрсөтүп келем. Анда Кыргызстандан гана эмес, коңшу Өзбекстан жана Казакстандан чарбакерлер суроолору менен кайрылышат. Албетте, биз болушунча жардам берүүгө аракет кылабыз», — деди ал.

Анын айтымында, жумуш учурунда ар кандай окуялар болуп турат.

«Мал-жандыктарды дарылоо үчүн ар кандай операцияларды жүргүзөм. Кезектеги операциялардын биринде уйдун ашказанынан 50-60 метр узундуктагы арканды алып чыгып, оозубуз ачылган. Дагы бир кардарыбыздын фермасында сүттүү породадагы уйуна “руменотомия” операциясын жасаганбыз. Ошол учурда уйду кармап турган кардарыбыздын стоматолог уулу эс-учун жоготкон. Эсине келгенден кийин аны эс алганы кетирип, экинчи баласын кармашканы чакырсак, ал дагы эсин жоготуп жатып калган. Албетте, баары аман-эсен, бирок ошол учурду күлкү менен эстейбиз.

Окуйм, өнүгөм деген балдарга билгендеримди акысыз эле үйрөтөм. Келечекте ветеринария структурасында элге ыңгайлуу система киргизүүнү көздөп жүрөм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Улугбек Нурланов үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE