Пример HTML-страницы

Турук кенине баргандардын эсин чыгарган мончо. Адамдар ал жерден эмне үчүн коркушат?

Акыркы жанылыктар

TurmushТурук көмүр кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Баетов айылынан 50 км түштүктө, Жаман-Даван тоосунун кырында, Турук суусунун башатында, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийикте жайгашкан. Кен 1951-жылы ачылган. Ага Жаман-Даван капчыгайы жана Орто-Сырт жайлоосу аркылуу барууга болот.

Турук көмүр кенинде 10 жылга чукул көмүр өндүрүү иштеринде эмгектенген Камчы Байышов Турук тууралуу санжырачы аксакалдардан уккан уламыштарды Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

— Турук деп кантип аталып калган?

— Кенде иштеп жүргөн кезде жергиликтүү аксакалдар менен сүйлөшүп отуруп уламыш уктум эле. 1916-жылы Үркүн окуясында Баяке аттуу жигит үй-бүлөсү, туугандары менен Кытайга качышыптыр. Жолдон бир тобу өлүмгө учурап, аска-зоодон ары көздөй аша албай, ошол жерде үй-бүлөсү менен туруп калат. Анан «адам буту баспаган, чоочун адамдар жетпеген, мал оттогонго оттуу, кайберен, улар мекендеген, жашаганга ыңгайлуу, туруктуу жер экен» деп ошол жерде байырлап, отурукташып калат. Бир күнү кечинде Баяке от жагууга камданып, арча алып келип, кара таштарды тизип, кемеге жасап, от жагат. Бир убакта баягы кара таштар кыпкызыл чокко айланып, кемегенин айланасы ысып, казанга салынган эти бышат. Ал кезде көмүр экенин билишпей, кара отун дешчү экен. Ошентип жашаганга туруктуу жер экен деп жүрүп, бул аймак Турук аталып калган экен. Кийин совет бийлиги орногондо коңшу айылдардын бирине көчүп келип, ошол кара отундан ала барган экен. Айылдагы темир усталарга көрсөтүп, алар Турукка келип көмүр алып жүрүшчү дейт. Кийин Баяке 1941-жылы согушка кетип, келбей калыптыр.

— Туруктун ээси ак илбирс деп жүрүшөт. Бул тууралуу эмне дейсиз?

— Кен байлык бар жердин ээси, ошол жердин коргоочусу болот деп коюшат эмеспи. Турук дагы касиеттүү, ыйык жер. Туруктун ээси, коргоочусу ак илбирс экенин айтып жүрүшөт. Ал жерде илбирс жашарын баары эле билишет. Бир жолу үйүлгөн тоо-тектин (отвал) үстүндө отургам. Жумушчулар иштеп жатышкан. Маңдай жагымдагы өзөндүн боорунан «шытыр-шытыр» деп үн чыкканынан карай калсам, узундугу 3-4 метрдей болгон ак жаныбар асканын бетинен 2-3 жолу секирип, ары көздөй кетти. Көрсө ак илбирс экен.

Туруктан чыкканда кокту бар. Кедей-Кыштоо деп коёт. Ошол жердеги үңкүрлөрдө жана ары жагындагы Дүңгүрөмө зоосундагы үңкүрлөрдө адамдардын сөөктөрү, боз үйдүн сыныктары сакталып калган экен. Түнкүсүн ар кандай үндөр угулат деп айтып калышат. Муну баары эле билишет.

Бизге чейин биринчилерден болуп көмүр өндүрүүдө иштеген Койчуман деген аке дагы: «Бул жер ыйык, касиеттүү жер экен. Айлана-чөйрөдөгү кайберен, уларды аттырбай, аяр мамиле кылып иштедик» деп айтып калчу. Биз дагы аяр мамиле жасап, иш алып бардык.

— Келиндин сөлөкөтү көрүнөт деп калышат. Ушул чынбы?

— Бир кездерде, тактап айтканда көмүр кени жаңыдан иштетилип жаткан жылдарда десек болот го. Биз ал кезде ал жерде болгон эмеспиз. Бирок укканымды айтып берейин. Чын же жалганын деле билбейм. Турукка жеткени калганда, Жаман-Даван сайынын чыга беришинде таштан курулган мончо бар эмеспи. Ошол жерден бир келиндин сөлөкөтү көрүнөт деп калышат. Көмүргө барган айдоочулар дагы жөн барбайт эмеспи. Берки «эргулдан» ичип, жанына салып алышат.

Бир жолу 2-3 айдоочу түнкү саат 00:00-01:00 чамасында карьерден көмүр жүктөп, этекке түшүп, тиги таш мончонун жанына токтошот. Бир сыйра унааларын текшерип, анан ичишип, дөңгөлөктөрүн чыңдап жатышса келиндин сөлөкөтү көрүнүптүр. Анан өң-алеттен кетип, унааларын айдап качышыптыр.

Дагы бир жолу жайдын күнү 2 малчы Арпа жайлоосуна кой айдап барышат. Жолдон жамгыр жаап, кеч кирип кеткендиктен ошол таш мончого түнөмөк болушат. Мончонун ичине кирип жатышса эле аркы бөлмөлөрү «шыртылдайт» дейт. Терезесиндеги целлофан шамалга шыртылдап жатабы деп карашса, келиндин сөлөкөтү көрүнүптүр. Ошондон улам экөө туруп алып, малын айдап качышыптыр.

Биздин ишканада кароолчу болуп иштеген Дакен байке Турукта жалгыз калат. Тээ июнга чейин жол ачылбай, эч ким каттабайт. Анан ага «биз 10 күндөн кийин барабыз» деп айттырып жибергенбиз. «Тигилер келет. Сайдын чыга беришиндеги жолду оңдоп-түздөп коёюн» деп сайдын чыга беришиндеги кыяга келет. Күн батар убак болуп калган кезде сайдын ичинде бирөө келе жаткан дейт. «6 айдан бери эч кимге дагы жолуга элекмин. Ким болсо дагы жолугуп, учурашып коёюн» деп туруп калса, баягы караан жанынан бир заматта көрүнүп, кайра тез эле жоголуп кетиптир. Ошондон улам калчылдап, базага чуркап келип, вагонго кирип, ичинен илип алыптыр. Анан жанындагы итин кучактап, 2 күн сыртка чыкпай жата бериптир. Биз деле 2 күндөн кийин барып калдык. Дакен байкенин оозу-мурдуна учук чыгып кетиптир. Эмне болгонун айтып берсе, биз: «Арак ичип алып эле көзүңүзгө ар нерсе көрүнсө керек» десек, «кайдагы арак, азык-түлүгүм калбай, араң жатам» дейт.

Кийин дагы бизде иштеген айдоочуларга көрүнгөн окшойт. Алар мончо жакка бара албай, ошол жакты карабай өтүшчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE