Пример HTML-страницы

Turmush: «Жолдошум жаман сөздөрдү көтөрө албады»: Ысык-көлдүк Айдананын айылдагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылынын 21 жаштагы тургуну Айдана Үсөнова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Каракол шаарында туулуп-өскөм. Кыргызстан эл аралык университетинин журналистика факультетинде билим алуудамын. 19 жашымда турмуш жолуна аттандым. Жолдошум менен бөлөм аркылуу таанышып калгам. Мени сүйүп калгандан кийин панорамада колума шакек салып, мойнума чынжырча тагып, аруу сезимин билдирген. Көп өтпөй экөөбүз баш коштук. Кайын журтум менен бат эле тил табышып кеттим. Анткени кайнатам жана кайненем түшүнүктүү, абдан жакшы адамдар. Учурда келин катары абдан эле ээн-эркин жүрөм десем болот», — деди ал.

Каарманыбыз келин болуп барган жерди даңктап келерин айтат.

«Учурда үй-бүлөбүз менен Жыргалаң деген керемет жерде турабыз. Жолдошум 1995-жылы төрөлгөн. Экөөбүздүн бир кызыбыз бар. Учурда аны карап жана күнүмдүк жумуштарды жасап үйдөмүн. Бош убактым болуп калса, дароо «Тик-Токко» видео тартканга киришем. Видеолорду тартып, алгач жолдошум чыгып жүрдү. Анан жолдошум көрөрмандар тарабынан жазылган жаман ой-пикирлерди, сөздөрдү көтөрө албай, таштап салган. Анын баштаган ишин улантып кеттим.

Жыргалаңда жашоо оор эмес, тескерисинче жеңил. Башка айылдарга салыштырсак, биздин айылда тытынып деле жумуш жасабайбыз. «Тик-Токко» көбүнчө биздин айыл боюнча видеолорду тартып киргизем. Көпчүлүгү «Ал жакта эч нерсе жок. Тоолордун арасында жайгашкан жапайы айыл» деп ойлошот экен. Ошол сөздөрдү уккандан тарта биздин айылды мактап, кооз жерлерин видеого тартып, жарыялап турам. Ошол эле учурда биздин айылга келген туристтердин саны көп. Анткени чынында суктанарлык табияты бар. Жалпы 200гө жакын түтүн жашайт.

Келечекте мыкты жубай, мээримдүү эне жана элге таанымал болгум келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE