Пример HTML-страницы

Turmush: Таласта бир райондун элин алдап келген жаран кармалды,

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунда​ элди​ алдап акча алып жүргөн адам​ кармалды, деп билдирди Талас ОИИБ.

2023-жылдын январь айынан баштап Талас РИИБге Көк-Кашат, Көк-Ой, Козучак, Кумарык, Бал-Бал, Кара-Суу ​айылдарынын тургундарынан​ алдамчылык фактысы боюнча арыздар байма-бай түшүп турган. Ар бир факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталган. Анын жыйынтыгында Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 1986-жылы туулган тургуну Р.К. кармалган. Ал мурда алдамчылык боюнча менен соттолгон.

Текшерүү учурунда шектүү «Талас ТВ» телеканалы аркылуу арзан баада солярка жана ун ​ алып бере турганын, төө бурчакты кымбат баада ала турганын жарыялап, мобилдик капчык аркылуу акча котортуп алганы аныкталды. Бүгүнкү күндө 9 факты боюнча келтирилген материалдык зыяндын суммасы 54 миң сомду түздү.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE