Пример HTML-страницы

Turmush: Түп районунда бал жыйноо иши кызуу жүрүп жатат: Анын көлөмү рекорд жаңылоодо

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун сугат суу жетпеген айрым аймактарында бал челекчилер орун алып, бал жыйноодо. Учурда биринчи куйма башталып, бал продукциясы жылдагыдан мол болуп жатканын аймактык кабарчыга балчелекчилер билдиришти.

Каракол шаарынын тургуну Александр Воейков 20 жылдан бери аары чарбасын колго алып, ата жолун улап келе жатканын айтты.

«Бул аракетибиз биздин үй-бүлөлүк бизнесибиз десем жаӊылышпайм. Анткени бал челекти алгач менин чоӊ энем колго алса, андан атам менен апам улантып кеткен. Мен дагы бала кезимде эле аары багып, аларга кам көрүү, бал кесип даярдоо иштерине аралашып жүрүп, 20 жыл мурун мен да кичи фермер болууга өткөм. Азыркы тапта 60тай бал челекти кармап, бир тууган агаларым, аталаш агалар менен чогуу жер кыдырып жүрөбүз. Бул жылы сезонду май айында баштап, Ак-Суунун бөрү карагаттарына жакын жайгаштык. Ал эми июндан тарта Түптүн кургак айыл чарба конуштарына көчүп, эспарцет жана башка пайдалуу гүлдөрдөн аарылар бал чогултууда. Аба ырайы биз эңсегенден да жакшы болду. Бүгүнкү күндө нымдуулук да, күндүн жылуулугу да бар», — деди ал.

60ка жакын бал челектин ар биринде 10 миңдеген аары бал чогултууда.

«Азыркы тапта көп жылдык чөп жана ар кандай пайдалуу гүлдөрдөн чогултулуп жыйналган балды кесип, биринчи куйманы ийгиликтүү аяктап жатабыз. Ар бир бал челектен кеминде 25 кг бал чогулуп жатат. Бардыгын топтогондо биринчи куймадан эле продукциянын көлөмү 1,5 тоннадан ашты. Былтыр аба ырайы кургакчыл болуп, чөп күйүп кеткенине байланыштуу эки куйманы бириктирип, араң дегенде 1,5 тонна бал алганбыз. Быйыл сезон өзүн актап жатат. Болгону күйүүчү майлар гана кымбат болууда», — деди ал.

Учурда балдын килограммы 350 сомго чейин сатылууда.

«Быйыл балдын килограммы дүңүнөн 200-250 сомдон сатылууда. Ал эми чекене баасы: таланыкы 300 сомдон, тоонуку 350 сомдон бааланууда. Албетте, ар бир кутучадагы миңдеген аарыга кам көрүү, аары чарбасын алып кетүү майда ишти жана чоң мээнетти талап кылат. Ошентсе да өз кесибимден мурда чарбачылыкты сүйүп, бул ишти аркалап келе жатам», — деди ал.

Балчелекчи Александр Воейков кесиби боюнча газоэлектр ширетүүчү. Ал бир да жолу өзүнүн кесиби менен иштебегенин айтты.

Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE