Пример HTML-страницы

Turmush: Сокулук районундагы байчечекейлердин сүрөттөрү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну байчечекейлерди сүрөткө тартып алды, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Жаздын алгачкы белгилери жаратылышка, шаардын сыртына тартат. Жаз ачык көрүнгөн сүйүктүү жерлериме саякат кылуу үчүн аба ырайынын жакшы болушун чыдамсыздык менен күтөм. Чүй өрөөнүндө алар тоодо да, өрөөндөрдө да бар. Сокулук районундагы жасалма көлмөнүн боюнда байчечекейлер жайнат. Миңдеген шафрандар жан дүйнөгө жылуулук тартуулап жатат.

Жыл өткөн сайын байчечекейлердин саны ар кандай. Былтыркы жылы көп чыгып, быйыл азайып калгандай. Бирок ошентсе дагы табиятка көрк кошууда», — дейт айыл тургуну

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE