Пример HTML-страницы

Turmush: Окууга кетип, үйүнө кайтпай калган Элдиярдын өлүмү: Учурда эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында 16 жаштагы Элдияр Эрмек уулу №62 кесиптик лицейде топ балдар тарабынан сабалып каза болгон.

Turmush басылмасына маалым болгондой, өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин шектүү катары 3 окуучу жана 1 мугалим — А.уулу.М., М.Ж., К.Т., О.Ч. аттуу жарандар кармалган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы ишти Өзгөн райондук сотуна өткөрүп берген.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, иш учурда Өзгөн райондук сотунда соттук кароо стадиясында турат.

————————————————————

Бул окуя 2022-жылы 20-декабрда болгон. Окуянын чоо-жайын Turmush басылмасынын кабарчылары тактаган.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя боюнча 20 бала суралып, 2 бала убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кесиптик лицейдин директору Мирлан Молдояров Turmush басылмасына берген комментарийинде бул окуя күтүүсүз жерден болгонун айткан.

«Элдияр биздин кесиптик лицейде автомеханика багыты боюнча билим алып жаткан. Көп убактан бери сабакка келбей койгонунан куратору аны менен байланышып, чакырган. «Окубасаң кетирели, окусаң түшүнүк кат жаз» дегенде, окуйм деп түшүнүк кат жазып берген. Биз балдарга күн сайын эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Балдар лицейде жатып окушат. Кечинде уктар алдында эшикке чыгып келишет. Анткени ажаткана сыртта. Окуя ошол учурда болуп жатат. Урган балдар деле, Элдияр деле шок балдардан эмес эле. Кокустук болуп кетти», — дейт Молдояров.

Маркумдун атасы Эрмек Ташовдун айтымында, уулу кесиптик окуу жайда октябрь айында окуп баштаган. Бирок ал жерде өзүнөн улуу балдар сабаганы үчүн кайра окубайм деп үйгө келген.

«Ата, окубайм, ал жер мага жаккан жок, балдар уруп коёт экен» деди. «Барбасаң барба, окубай эле кой» деп айткам. Мен аттестатын өзүм алып келем деп жүрүп, арадан убакыт өттү. Анан балам агайы менен сүйлөшүп калат, «Элдияр, сабакка келбей эле кой, бирок окуп жатат деген каттоодо жүрө бересиң» дейт агайы. Балам болсо «агай менен cүйлөшүп алдым, барбасам деле окуум бүтө берет, кийин бүттү деген диплом ала берет экенмин» деп айтты. 18-декабрда балама агайы көзгө көрүнүп кет деп чалган. Ал күнү балам барган эмес. Анан эртеси, 19-декабрь күнү таң атканда «Ата, мен агайга барып келейин, кайра кечке чейин келип калам» деп үйдөн чыгып кетет. Ошол күнү баламды сабап, өлтүрүп коюшат. Урган балдар төртөө экен. Эгер аларды мыйзам чегинде жазалай алышпаса, мен жазалайм. Талабым, баламды урган балдардын баары соттолсун, камалсын, кылган кылмышына жооп берсин. Мектептеги мугалимдердин шалаакылыгы… Агайлар мектептин ичинде болуп жаткан нерсени эмнеге карабайт? Жоопкерчилик тартсын. Угушумча 1-курстун балдарын 3-курстун балдары башкарып турат экен. Ал кандай окуу жай? Тарбиясы жок окуу жайга баламды алып барып алганыма өкүнөм», — деген маркумдун атасы.

Элдиярдын апасы Нургүл Ташованын айтымында, уруш балдардан акча, телефон, жакшы кийим, жакшы буюм талап кылгандан улам келип чыккан.

«Октябрь айынын орто ченинде окууга барып, бир жума жүрүп, ур-токмок жеп келген. Анан атасы экөөбүз балабыз окубай эле койсун деп сүйлөшүп, окууга жибербей, алып калганбыз. Эки жарым айдан кийин агайы эки күн катары менен телефон чалып чакырган. «Жолугуп кетсин» деп, атасын ортого салган. Балам кечке чейин келем деп үйдөн чыгып кеткен. Түштөн кийин телефонуна чалсам, өчүк экен. Кеч киргенге чейин күттүк, келбеди. Булар кечке маал эле баламды токмоктошкон. 18-19 бала экен, алардын ичинен төртөө баламды катуу уруптур. Кошунамдын баласы айтат, «Элдияр, барбай эле кой, чогуу барабыз, сени уруп койбосун» дегенде, «күндүз баратам, урбаса керек» деп айткан экен. Тепкилеп жатышканда балам эки жолу катуу кыйкырып, ошол бойдон турбай калган дейт кошунамдын баласы. Урган балдар качып кетиптир. Тайпалаштары баламды өйдө көтөрүп, агайларын чакырып, Куршабга ооруканага алып барышкан экен. Балам сабалган убакта эле өлгөн экен. Ооруканада иштегендер Өзгөнгө чалат. Ошол учурда эмне үчүн бизге чалышпайт? Ортодон 4 саат өтүп жатат. Бизге түнкү саат он бир жарымдарда «балаңар ооруп, ооруканага түшүп калды» дешти. Биз балабызды ушул убакка чейин оорутпай бактык эле, кандай ооруп калат дедик. Балдар буту-колун сындырып койгон окшойт деп хирургияга барып, таппадык. Карасак, 20 чакты милиция кызматкери жана агайлары туруптур. «Сабыр кылгыла, сабыр кылгыла» дегенде эле ыйлап ийдим. Сабыр кылгыла дегени эмнеси, саар менен барган балам, кечке маал өлүп калат деген эмнеси деп ыйлап жатсак, өлүкканага алып кирип коюптур. Бут кийим, байпагы, телефону жок болчу.

Талабым, төрт бала тең камалсын. Алар жазасын албаса, канга кан, жанга жан. Биздин үй-бүлөнүн атынан президентке кайрылуу жасайм. Ушул мектепти катуу текшерсин. Агайлары жоопкерчиликке тартылсын. Баламдын агайы кайра-кайра чакырганы үчүн жоопко тартылсын, камалсын, иштен айдалсын. Бул менен калып кетсе, бизге окшогон ата-эненин балдары дагы зыркырайт», — деген Нургүл Ташова.

Элдиярдын эжеси Арзайым Кимсанова окуя мугалимдердин кайдыгерлигинен улам болгонун айткан.

«Кан жутуп, баласынан айрылып отурса, тай журтунда өскөн кембагал баланы күнөлүү деп кармап келишкен. Булар да ал баланы аяп жатышат» — деди Кимсанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE