Пример HTML-страницы

Turmush: Москвада сабалган 11 жаштагы өзгөндүк кыз: Апасы кандай кадамга барды?

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссиянын Москва шаарында катуу сабалган 11 жаштагы кыздын окуясы боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдири.

Маалыматка караганда, аталган факт 22-майда Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталды. Аталган күнү Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Анда 22-майда саат 20:40 чамасында cоциалдык тармактардан Өзгөн районунун Чаңгет айылынын тургуну — 2012-жылы туулган С.Т. аттуу кызды Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын тургуну — 1975-жылы туулган М.Б. Россиянын Москва шаарына неберелерин каратуу үчүн алып барып, аны урушуп, денесине жаракат келтиргени тууралуу видео келип түшөн.

«Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-жылдын ноябрь айында Өзгөн районунун Чаңгет айылынын 1989-жылы туулган тургуну Ш.Ч. 10 жаштагы кызы С.Т.ны Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын 1975-жылы туулган тургуну М.Б.нын (кыздын таенеси) неберелерин кароо үчүн жөнөтүп, ошол убактан бери кыз Россиянын Москва шаарында жүргөндүгү аныкталган. Бирок жогорудагы факты боюнча жабырлануучунун апасы эч кимге арыз-дооматы жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тартты.

Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобунун ыкчам иш аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Өзгөн районунун 1974-жылы тургуну М.Ш. (11 жаштагы кыздын таенесинин эжеси) экендиги такталып, бирок азыркы убакта Москва шаарында экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары уланууда», -деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush басылмасына Чаңгет айылынын тургуну Максыталы Ниязов анын үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кыз Россияга 2021-жылы ноябрь айында барган.

«Кечээ интернетке чыгып кеткен кыз тууралуу бүт айылда түрдүү кептер жүрүп жатат. Ал кыздын атасы Чаңгет айылында жашайт. Социалдык абалдары деле өтө оор эмес, орто эле жашашат. Кыздын апасы аны бир тууган бөлөсүнө 2021-жылы ноябрь айында бала карашканы жиберген экен. Алты ай жакшы эле жүргөн деп жатышат. Ага бала караткан келиндин 3 айлык жана 2 жаштагы балдары бар экен. Бүгүн ал келин Ошко келет дешти, ал эми кыз 2-июнда келет.

Ал кыз 4-класста окушу керек болчу. Өз ара сүйлөшүүлөр болуп жатат деп айтышты. Атасы «акчага деле муктаж эмеспиз, тууганыбыз кайра-кайра үйгө суранып келгендиктен гана жиберген элек» деп айтууда», — деген М.Ниязов.

Буга чейин Москвада сабалган 11 жаштагы кыргызстандык кызды Өзгөн диаспорасынын жетекчиси алып кеткенин АКИpress агенттигине укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирген.

Мигранттар кызды Москвага алыскы туугандары балдарын кароо үчүн алып келишкенин билдиришкен. Аны катуу сабашкандыктан кыз коркуп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE