Пример HTML-страницы

Turmush: Кыргызстандын жаратылышы: Тоо арасындагы Көл-Төр көлү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү Корумду жайлоосунда Көл-Төр көлү жайгашкан.

Жергиликтүү тургун Асхат Таглыковдун айтымында, союз кезинде Корумду жайлоосуна казактын чабандары келип жайлап, күз келгенде кайра кетишчү.

«Корумду ашуусунан ашып, Таласка жетип барса болот. Андан ары Каракол ашуусунан ашып, Ашмара суусу аркылуу Казакстанга өтүп кетсе болот. Союз кезинде казактын чабандары Кыргызстанга ушул жол менен келип, жайлоолордо жайлап, суук түшкөндө кетишчү. Казактар эс алып келгенде: «Бала кезде ата-энебизди ээрчип, көп келдик» деп айтып калышат. Алар бул ашууларды ашып, Меркеге чейин 40 чакырым жолду 40 градус суукта басып өтүшчү экен.

Көл-Төр аябай чоӊ көл. Тереӊдиги менен узун-туурасы канча экенин так билбейм. Бирок, абдан тереӊ. Киши түшсө чөгүп кетет. Анан дагы бул көлдө балык жок», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE