Пример HTML-страницы

Turmush: Баңгизат саткандарга кардар, аракеч адамга бөтөлкөлөш болгон майор: Нурбек Мажитовдун тажрыйбасы

Акыркы жанылыктар

Turmush41 жаштагы Нурбек Мажитов Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп эмгектенет. Ал бул кесиптин ээси болууну бала кезинен кыялданганын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Тескөөчү 1998-жылы Шайдан айыл аймагынын Тоскол-Ата айылындагы орто мектепти аяктаган. Андан кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетине тапшырып, аны 2001-жылы окуп бүтүргөн. Ошол эле жылы аскерге кеткен.

«Милиция кызматкери болуп, форма кийүү менин бала кездеги кыялым болчу. Милиция кызматкери болом деп ошол жааттагы окуу жайга тапшырууну пландасам, чоң атам «биздин урпагыбызда эч ким милиция болгон эмес» деп туура эмес көрүп, тапшырткан эмес. Ошондуктан Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим алдым. 2003-жылы Жалал-Абад шаарындагы күзөт кызматына жумушка орноштум. Ал учурда айлык акы аз болуп, бизге кыйынчылык жаралчу. Тактап айтканда, ал кезде 1200 сом эмгек акы алчум. Ал күнүмдүк жашоо, тамак-аштан артчу эмес. Ашканадан карызга жаздырып жеген тамактын акысын төлөгөнгө араң жетчү.

Кийинчерээк, 2006-жылы үйлөнүп, аз эмгек акы үй-бүлөнү багууга жетпей, абдан кыйынчылык болду. Ошол учурда эл катары Россия Федерациясына мигрант болуп кетем деп камынып калганда ата-энемдин кеңеши, көмөгү менен өз кесибимде иштеп калдым. Азыр ойлоп көрсөм бул жаатта эмгектенгениме 18 жыл болуп калыптыр», — дейт ал.

Ал жашы жете элек балдар менен иштөө инспектору, аймактык тескөөчү болуп жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүзүүгө каршы кызматында эмгектенген. Тескөөчү жумушуна байланышкан кызыктуу окуяларды баяндап берди.

«2017-2020-жылдардын аралыгында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндөгү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматында эмгектендим. Бул кызматта иштеп жүргөн учурда райондо жашы жете элек балдарга баңгизат сатылган фактылар көп катталып жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Жетекчиликтин көрсөтмөсү, кесиптештердин көмөгү менен мындай тыюу салынган заттарды алып келип, сатып жаткан топтун изине түштүк. Иштин кызыкчылыгы үчүн жашы жете элек балдар менен чогуу болуп, алар мындай заттарды кайдан, ким аркылуу алып жатканына кызыктык. А түгүл, алар менен барып, кардар да болуп көрдүк. Чындыгында бул жаатта абал өкүнүчтүү экен. Себеби мындай нерселерди жашыруун алып келип, эч кимге байкатпай, көпчүлүккө сатып жүрүшүптүр. 3 ай алар менен чогуу болуп, дайымкы кардар катары ишенимине кирген соң гана баңгизат кайдан, кантип, ким аркылуу келип, кандай жолдор менен кимдерге таратыларын изилдеп чыгып, бул кылмыштын бетин толугу менен ачтык.

Чындыгында кылмыштын бетин ачуу абдан оорчулукту жаратат. Кээде жумуштун кызыкчылыгы үчүн ар кандай жолго барууга туура келет. Анда мен Масы айыл аймагында аймактык тескөөчү болуп иштеп жаткам. Аталган айыл аймактын Кара-Булак айылында мал уурулук күчөп кетти. Көпчүлук тургундар койлору жайытка чыгып, кеч киргенде эле бирден жоголуп кеткенин айтып жатышты. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн кадимки жарандай болуп кийинип, териштирүү иштерин алып бардым. Көпчүлүк эл айылдагы ичкиликке берилип кеткен кишиден күмөн санап жатышканын айтышты. Жумуштун кызыкчылыгы, кылмыштын бетин ачуу үчүн эл айткан ичкиликке берилген тургун менен бөтөлкөлөш болууга туура келди. Аны менен бир аптадан ашык чогуу ичкилик ичип, ишенимине кирдим. Баш-аягы 1 айдай убакыт чогуу болуп, анын үйүнө барып, тамак жасап жеп, ичкилик ичип, байкап жүрдүм. Бир күнү койлор тууралуу сөз кылып калды. Көрсө, ал кечкисин жайыттан түшүп келе жаткан койлордун арасынан бирин короосуна камап коюп, башка айылдагы шериги менен сүйлөшүп, койду алмаштырып, короосунда кармап, кийин базарга сатып жүрчү экен. Баарын билип алган соң кылмыш иштин бетин ачып, элдин уурдалган койлорун кайтардым», — деди ал.

Тескөөчү — милициянын майору Нурбек Мажитов 2 уул жана 2 кыздын атасы. Өзү үй-бүлөдө 7 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE