Пример HTML-страницы

Токтогулда ыктыярчылар жапайы жаныбарларга жем, туз чачып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushТоктогул районунда ыктыярчылар жапайы жаныбарларга жем, туз чачып жатышат. Бул тууралуу «Жашыл өрөөн» коомдук бирикмесинин жетекчиси Акылбек Гүлжигит уулу билдирди.

Анын айтымында, мындай кадамга барууга кыш оор болуп, жапайы жаныбарлар калктуу конушка чейин келгени себеп болгон.

«Акыркы 2-3 жылда өлкөдө мындай оор кыш боло элек болчу. Кар калың жаагандыктан элик, кийиктер жем издеп, жолдорго жакын келип, кыргоол, кекилик жана чилдер калктуу конуштарга чейин жакындап, суулардын жээгине келип калышты. Мындан улам жаратылышка кайдыгер карабаган жарандарга кайрылып, туз, жем алып, тоонун башына, канаттуулар көп жүргөн жерлерге чачып жатабыз. Биздин бул демилгебизди жакындан колдоп, көмөк көрсөткөндөр четинен чыгып жатат. Эгер жапайы жаныбарларга өз убагында кам көрүп калбасак, алар ачкалыктан өлүшү же эл жашаган жерге жакын келсе кырылып калышы мүмкүн. Биздин бул аракетибиз алдыда дагы улантылат», — деди ал.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош, Жалал-Абад регионалдык аралык башкармалыгынын Токтогул району боюнча башкы инспектору Болот Жапаровдун айтымында, район аймагында Кызыл китепке кирген сүт эмүүчүлөрдөн ак илбирс, аюу, мадыл, сүлөөсүн жана кирпи бар. Ал эми, канаттуулардан бүркүт, ак кунас, ак куу, бүркүт, ителги, шумкар жана өрдөктүн түрлөрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE