Пример HTML-страницы

Токмокто жаш баланын жансыз денеси табылды. Аны акыркы жолу балдар ойноочу аянтчадан көрүшкөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында эки күндөн бери изделип жаткан 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, 2016-жылы туулган А.А. 2023-жылдын 12-майында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Баланын денеси Чүй суусунан табылган.

Аны тургундар акыркы жолу Новостройка айылындагы Северцова-Парковая көчөлөрүнүн кесилишиндеги балдар ойноочу аянтчадан көрүшкөн.

Маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы да тастыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE