Пример HTML-страницы

Тойдон кийинки суук кабар, 3 кызы менен кошо жан берген эне…

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандын аймактарында бир нече адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыктар катталып жатат. Каза болгондордун арасында бүтүндөй бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү да бар.

Акыркы бир айда, тактап айтканда август айында эле бир нече ири жол кырсык катталды. Turmush басылмасынын аймактардагы кабарчылары ири жол кырсыктардын чоо-жайын тактаган.

————————————————

10-август күнү саат 18:00 чамасында Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылынын жолунда 4 унаа кырсыкка учураган. Алардын ичинен бир унаанын мамлекеттик номуру Казакстандыкы экенин көрүүгө болот.

Анда «Лексус LX470», «БМВ», «Фольксваген» жана «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда,«БМВ» унаасынын айдоочусу экинчи линиядагы жолго өтүүгө аракет жасап, кырсыкка себепкер болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, жеринде 1 адам каза таап, оор абалдагы 6 адамды тез жардам кызматынын унаасы алып кеткен.

————————————————

13-августка караган түнү Тоң районунда «БМВ» менен «Aуди» унаалары бетме-бет сүзүшкөн. «БМВ» унаасы жогорку ылдамдыкта бара жатып, каршы тилкеге чыккан. Анын кесепетинен бул унаанын айдоочусу ошол жерде каза болгон.

Балыкчы шаардык ооруканасы кырсыктын кесепетинен 8 адам каза тапканын билдирди.

Алар:

— 1957-жылы туулган М. Д. — Балыкчы шаарынын тургуну;

— 1959-жылы туулган О. Р. — Балыкчы шаарынын тургуну;

— 1959-жылы туулган С. Э. — Балыкчы шаарынын тургуну;

— 1989-жылы туулган Э. уулу М. — Нарындагы Жер-Көчкү айылынын тургуну;

— 2021-жылы туулган Н. У. — Нарындагы Жер-Көчкү айылынын тургуну;

— 2023-жылы туулган М. уулу Б. — Нарындагы Жер-Көчкү айылынын тургуну;

— 1978-жылы туулган Р. Р. М. — Көк-Мойнок айылынын тургуну;

— 1964-жылы туулган Н. Д. К. — Көк-Мойнок айылынын тургуну.

Саламаттыкты сактоо министрлиги сегиз киши мүрт кетип, үчөөнүн абалы оор экенин маалымдады. Жараат алгандардан үчөө Балыкчы шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө, калган үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар:

— 1964-жылы туулган А. А. С. — Нарын облусунун тургуну;

— 1983-жылы туулган Ж. Ч. У. — Нарын облусунун тургуну;

— 1992-жылы Ж. кызы Ф. — Нарын облусунун тургуну;

— 1997-жылы туулган Э. уулу Н. — Нарын облусунун тургуну;

— 2003-жылы туулган М. М. Р. — Көк-Мойнок айылынын тургуну;

— 1985-жылы туулган Т. Э. Д. — Тоң районунун тургуну;

Кийинчерээк кырсыктан каза тапкандар ошол түнү тойдон кайтып келе жатышканы маалым болгон.

«Ошол күнү Көк-Мойнок айылынын тургуну Болот (аты-жөнү өзгөртүлдү ) жубайы жана уулу менен Нарын облусунун Кочкор районуна тойго барышкан. Ал тойдо Болоттун кайниси, кайната жана кайненеси да болгон. Алар Балыкчы шаарынын тургундары. Ал жактан түнү үйгө кайталы деп жатканда Болоттун кайнисинин кайнатасы: «Куда, жүрү чогуу кетели» деп, Болотту унаасына салып алган.

Алар Ысык-Көл менен Нарын облусунун чек ара тушунда жол кырсыгына кабылышкан. Артынан башка унаа менен жолго чыккан Болоттун жубайы менен уулу үйүнө — Көк-Мойнок айылына келишсе, Болот үйгө келе элек болгон.

Алар Болотту куданын Балыкчы шаарындагы үйүнө кетти деп ойлошкон. Көп өтпөй айылдаштары аркылуу жол кырсык болгонун угушуп, Балыкчы шаардык ооруканага барышкан. Бирок ал жерден таппай, өлүкканадан табышкан. Маркум Болот жубайы экөө бир айылдан болушат. 14-август күнү Болот жана кайниси жерге берилди. Ал эми Болоттун кайнисинин кайната жана кайненеси Балыкчы шаарында жерге берилген. Болоттун кайнисинин аялы ооруканада жатат. Ал ата-энеси жана жолдошунан ажыраганын уга элек», — дешкен маркумдун айылдаштары.

Бул кырсыктан каза тапкан 8 адамдын төртөө Нарын районунун Жер-Көчкү айылында жерге берилген.

Маркумдардын жакыны Төлөбек Кулжановдун айтымында, бир үй-бүлөдөн 4 адам каза тапкан. Үй-бүлө башчысы анын агасы болчу.

«Балыкчыга жээнибиздин үйлөнүү тоюна барганбыз. Той спирт ичимдиктери жок өттү. Той бүткөндө мен алдыга кеткем. Кочкорго жеткенде ушул кырсыкты угуп, кайра келдим. Жолдогу айдоочуларга ыраазыбыз. Алар жаракат алган кишилерди ооруканага салып жибериптир. Биз түз эле ооруканага бардык. Ушул кырсыкта агам, анын 1989-жылы туулган уулу каза болуп, 2021-жылы жана 2023-жылы туулган неберелери чарчап калды. Баарын Жер-Көчүдө жерге бердик. Агам пенсионер болчу. Иним айыл башчы болуп иштеп, жакында эле жумушун өткөргөн эле. Азыр эжем жана 2 келиним жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деген ал.

————————————————

Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишкен аймагындагы кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган. Алардын экөө жаш балдар. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган.

Кырсык 12-август күнү саат 10:00 чамасында болгон. Алай районунун тургуну — 1976-жылы туулган К.К. өзүнүн башкаруусундагы оор жүк ташуучу «Jiefang» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы Нариман айылынын Насирдинов көчөсүнүн түндүк тарабы менен чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, түтүктү сүзүп, аны бузуп алган.

Анын кесепетинен ошол эле жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнө аталган суу түтүк кулап түшкөн. Ал автоунаанын алдында отурган 2 жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, унаада бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бара жаткан. Айдоочунун уул-келини эки баласы менен Россиядан келишкен. Аларды тоскону барган айдоочу өзүнүн унаасы менен үйүнө алып бара жаткан. Суу өтүүчү түтүк унааны басып калганда ата менен уулу көз жумуп, келини ошол эле күнү Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылган. Унаанын артында келин эки баласы менен болгон.

Арыздын негизинде оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу — Алай районунун 1976-жылы туулган тургуну К.К. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (коркунучта калтыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Жарат алгандардын арасында Сайкал Назаралиева да болгон. Ал кырсык кандай болгонун, учурдагы өзүнүн жана балдарынын абалы тууралуу Turmush басылмасына айтып берген.

«Москва шаарынан күйөөм экөөбүз Оштогу аэропортко келдик. Аэропорттон кайнатам, кайним менен 2 балам бизди тосуп алышты. Алар менен амандашып, жолго чыктык. Рулга күйөөм отурду. Үйгө — Ноокенди карай жолго чыкканбыз. Жакшы эле баратканбыз, бир учурда эле «дүң» деген үн чыкты. Мен эч нерсени билбейм. Эки жагым туман болуп кетти да, булуттарды аралап, асманды карап эле учуп кетип жаттым. Бир убакты терең дем алдым. Көрсө мени куткаруучулар унаадан чыгарып алышыптыр.

Атам (кайнатасы) отурган отургуч артка болуп, менин көкүрөгүмдү кысып койгон экен. Көзүмдү ачсам кичүү балам: «апа, апа» деп ыйлап жатыптыр. Карасам, бир буту кан болуп турат. Көрсө атасы отурган отургуч артка жылып, баламдын бутун быркыратып сындырып салыптыр. Кайнимди карасам, «акеме жардам бергиле, акеме жардам бергиле» деп ызылдап жүрөт.

Алдымды карасам, атам (кайнатасы) жаткан экен. Жанына барып, «ата, ата туруңуз» десем жооп берген жок. Оозунан, мурдунан кан чыгып жатып калыптыр. Күйөөмдү карасам, ал да көкмөк болуп жаткан экен. Ал учурда алардын өлгөнүн деле билген эмесмин. Ооруканага кантип барганымы билбейм. Ошол жакта канга боёлгон көйнөгүмдү алмаштырдым.

Кийин атам менен күйөөмдүн өлгөнүн кабарлашканда, эс-учумду жоготуп коюптурмун. Ошентип, эртеси аларды жерге бердик. Мени эжемдер Ош облустук ооруканасына алып келишти. Улуу балам Ош облустук балдар ооруканасында мээси чайкалып, ал жакта дарыланып жатат. Кичүү балам да ошол ооруканада дарыланууда. Буту сынганынан улам операция кылып, темир коюшуптур. 20 күн жылбай жатканга мажбур. Балдарымды эжемдер кезек менен карап жатышат», — деген ал.

————————————————

23-августта Ош—Бишкек жолунун 244-чакырымында болгон жол кырсыктан 5 адам каза болду.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, жолдун аталган тилкесинде «Хонда Фит» унаасы менен «Тайота Клюгер» унаасы кагышкан. Кырсык кесепетинен «Хонда Фит» унаасы Чычкан суусуна кулап, андагы 6 адамдын бешөө мерт кеткен. Мында унаанын айдоочусу — Ноокен районунун Ү. аттуу тургуну жана Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын Чкалов айылынын О. аттуу тургуну 4,7 жана 15 жаштагы кыздары менен кошо көз жумган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мерт кеткен келин 4 баласы менен Россиядан өз үйүнө келе жаткан. Келиндин 13 жаштагы уулу аман калды.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы да бир үй-бүлөдөн төрт адам каза болгонун тастыктаган.

Ал эми «Тойота Клюгер» унаасында 5 адам болгон. Алар Аксы районуна караштуу Аркыт айылынын тургундары. Алардын ичинен төрт адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми бири абалы жакшы болгондуктан үйүнө чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE