Пример HTML-страницы

Тогуз-Торонун Казарман айылындагы бала бакчада кошумча тайпа ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТогуз-Торо районундагы бала бакчада кошумча тайпа ачылды.

Райондун Казарман айылындагы «Күнчубак» мектепке чейинки билим берүү уюмунда уюштурулган ачылыш аземге район акими Манас Мураталиев баш болгон бийлик өкүлдөрү, ата-энелер жана мугалимдер катышты.

Имараттын оңдоп-түзөө иштерине, жасалгалоосуна жана эмеректерине жалпы 1 млн сомдон ашуун акча каражат Каргалык айыл өкмөтүнөн бөлүнүп берилген.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн район акими бакчаларда кошумча тайпаларды ачуу менен кезек күтүүнү жоюп, кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк болорун айтты.

«Күнчубак» бала бакчасында 4 тайпага кошумча бир тайпа ачылып, 35 балага ылайыкташты. Анда уктоочу, окуучу, кошумча бөлмөсү бар.

Район боюнча 14 бала бакчада миңдей бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE