Пример HTML-страницы

Тажикстан менен чектешкен Кара-Бактын тургундары кайрадан чогулду (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын тургундары облустук администрациянын алдына чогулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Алар жер мунапысынын төлөмдөрү кымбаттыгына нааразы болуп, айрым кызматтарга карата сын айтышты.

Буга чейин Turmush 2023-жылдын 5-сентябрында Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү Алты-Адыр тилкесинин 50гө чукул тургуну облустук администрациянын жанына чогулганын жазган. Алар жер мунапысын алуудагы төлөмдөрдүн кымбаттыгын айтып, арзандатып берүүнү талап кылышкан.

Алардын айтымында, өткөн жылы аталган аймактагы 1500 жаранга жер берилген. Тактап айтканда, трансформацияланып, документтештирүү иши калган. Ошол учурда 10 сотых аянтты документтештирүү үчүн 10 миң сомдун тегерегиндеги акча керектелсе, учурда 22 миң сомду керектөөдө.

Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты Акылбек Дилшатовдун айтымында, 1 ай мурун маселени чечип берүү үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырма берилген. Бирок маселе чечиле элек.

«Биздин айыл чек арада, бирок Бишкектеги жер мунапысын алуудагы төлөмдөр менен тең эле суммада. Эмне үчүн жеңилдик жок? Бир жер мунапсын алуу үчүн төлөмгө 24 миң сом керек. Бул баа кымбат болуп жатат. Төлөм төлөп, бирок документин күтүп жаткандар да көп. Бизде райондук архитектура жок. Облустукка кайрылсак, алар бошобойт экен. Барсаң же Лейлекке, же Кадамжайга кеткен болот. Районго бөлүп берсе, биздин иштер да ылдамдайт эле», — дейт ал.

Чогулгандар президентке кайрылып, маселени чечип берүүнү суранышты.

«Биздин айыл чек ара статусун алган, Тажикстан менен чектешкен айыл. 23-24 миң сомго кызыл китеп алган оор болуп жатат. Эмне үчүн башка аймактардай эле төлөм болуп жатат? Былтыр район-шаардык архитектура жоюлган. Эми облустук архитектурага барсаң таппайсың, кызматкерлер жетишпейт. Маселебизди карап, чечип берсеңиздер», — деди Кара-Бак айылынын тургуну Курбанбек Сапаров.

Алар облустук бийлик өкүлдөрү менен маселени талкуулашты. Жыйынтыгында атайын комиссия түзүлүп, жер мунапысы боюнча айтылган маселелер каралмай болду.

Кара-Бак айылы Тажикстан менен чектешет. Анда 6 миңден ашуун адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE