Пример HTML-страницы

Ташиевдердин кичи мекенинде заманбап сейил бак пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагында курулуп жаткан парк колдонууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Барпы айыл аймагынын башчысы Нурлан Сейитбековдун айтымында, сейил бак ишкерлердин колдоосу менен курулуп жатат. Дыйканчылыкка жараксыз жер сейил бакка айланууда.

«Айыл аймактын Таш-Дөбө айылындагы сел каналдын жээгинде дыйканчылыкка жараксыз муниципалдык жер бар болчу. Анын 1,5 гектарын сынактын негизинде көп жылга ижарага бердик. Ушул тапта парктын курулушу аяктоо алдында турат. Курулуш аяктаса, айыл тургундары үчүн эс алуу жайы гана болбой, 25ке жакын жергиликтүү тургун иш менен камсыз болот. Аны менен катар ишкерлер төлөгөн салыктан жана ижарадан жергиликтүү бюджетке салым кошулат. Себеби сейил бак муниципалдык болот. Сейил бактын ачылуу аземин 10-августка болжоп жатабыз. Ушул тапта ачылышка даярдыктар көрүлүүдө», — деди Нурлан Сейитбеков.

Барпы айыл аймагында 29 миңден ашык адам жашайт.

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Таш-Дөбө айылында туулган.

  • Шайырбек Ташиев — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты (Жалал-Абад округу).

—————————————————————-

Салыштыруу үчүн айтсак, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов менен А.Масалиев проспектилеринин кесилишинде «Ынтымак» паркы 2019-жылы 30-августта ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ачылган.

10 гектар аянтты ээлеген парктын курулушуна 2019-жылдын апрель айында капсула салынган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE