Пример HTML-страницы

Таш-Көмүр шаарындагы катуу сел унааны агызып кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-майда Таш-Көмүр шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Таш-Көмүр–Майлуу-Суу унаа жолунун болжол менен 5-чакырымындагы Балапан-Сай сел өтүүчү сайында «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү жеңил унаа сууга агып, көпүрөгө кептелип калган. Аны трактор айдап барып чыгарып алышкан. Жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE