Пример HTML-страницы

Таластан Бишкекке жол кире кымбаттаган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарында Таласка каттаган айдоочулар жол кирени көтөрүп жиберишти деген маалымат боюнча Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымат беришти.

Түзүмдүн маалыматына караганда, мындай факты аныкталган.

«Талас–Бишкек каттамындагы айдоочулар менен Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жолугуп, абал боюнча маалымат алышты. Аталган каттамда маселе жараткан көрүнүш жок экени аныкталып, жол кире баасы жогорулаган факты такталган жок» деп билдиришти.

Ал эми айдоочулар жол кире 500-600 сом экендигин айтышып, айрым айдоочулар Таластан Бишкекке кээде кардар чыкпай бош барып, кайтып келе жатканда адамдарды көптүгүнөн пайдаланып көтөрүп жибериши мүмкүн экендигин кошумчалашты.

  • Буга чейин Бишкектен Таласка жол кире 1000 сомго чейин көтөрүлгөнү кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE