Пример HTML-страницы

Таластагы сырдуу үңкүр. Эколог бул жай тууралуу божомол айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун аймагында изилденбеген жерлер көп. Бул тууралуу эколог Гамал Сооронкулов билдирди.

Анын айтымында, Бакай-Ата районунун аймагында Кара-Коюн жайлоосу жайгашкан. Анын төрүндөгү Коргошун-Сай деген жерде сырдуу үңкүр бар.

«Үңкүрдү качан, кимдер, эмне казганы белгисиз. Бирок сайдын аталышына караганда, коргошун казылган үңкүр окшойт. Үңкүрдө 100 метр жерге чейин жетип, андан кийин аягына чыктык. Башка үңкүрлөргө салыштырмалуу жарганаттар аз санда жашайт экен. Бизде ушундай изилдене элек тарыхый жерлер абдан көп. Бул жерлер туристтер үчүн абдан көрүнүктүү жайлар болуп саналат. Тарыхын билип алсак, изилдесек, андан дагы жакшы болмок. Балким, «Манас» эпосундагы колунан көөрү төгүлгөн чебер уста, коргошун куюп, темир ээриткен Бөлөкбайдын үңкүрү болуп жүрбөсүн деп ойлоп койдум», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE