Пример HTML-страницы

Таластагы ооруканага жансыз дене алып келишкен. Өлүмдүн айрым жагдайлары

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районунда адам өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 6-мартында саат 13:35 чамаларында Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургуну — 1989-жылы туулган Ч.К.нын жансыз денеси келип түшкөндүгү билдирилген.

Окуя болгон жерге ОИИБдин жана Бакай-Ата РИИБдин жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу, прокуратура кызматкерлери чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон.

Аталган окуя Бакай-Ата РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бакай-Ата РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш иштин бети изи сууй электе ачылган. Кылмышка шектүү катары Бакай-Ата районунун тургуну — 1976-жылы туулган Т.К. кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү суралып, ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 2024-жылдын 6-март күнү саат 12:50 чамаларында Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын М. аттуу тургунун үйүнүн жер участогунда сүйлөшүп турган жерден пикир келишпестиктин айынан уруша кетип, ошол жерде мушташышып, шектүү бычак менен (маки) жабырлануучунун сол бутунун сан тарабына сайып, окуя болгон жерден кылмыштын куралын алып кетип калгандыгын билдирген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE