Пример HTML-страницы

Таластагы окуучулар кыз ала качуу кылмыш экенин көрсөтүп беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас РИИБдин кызматкерлери эрте никеге турууга каршы иш алып барышууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Талас районунун Атай Огонбаев айылынын М.Козубеков атындагы орто мектебинде балдар менен иштөө инспекциясы бүтүрүүчү класстардын окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрүштү. Анда эрте никеге туруу зыяндуу экени, кыз ала качуу кылмыш экени айтылып, балдардын билимге болгон умтулуусун арттыруу керектиги белгиленди. Окуучулар атайын ушул темада өздөрүнүн демилгеси менен презентация уюштуруп, кыз ала качуу адамдын эркине каршы кылмыш болорун айтып, билим алып, зордук-зомбулуксуз өз каалоолору менен бактылуу турмуш кургулары келерин билдиришти.

Милиция кызматкерлери ата-энелерге кыздардын укуктарын коргоо милдет экендигин, ага карата биргеликте иш алып барыш керектигин эскертишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE