Пример HTML-страницы

Таластагы миллиондор жумшалган иштер: Президентке кайрылган адамга айылдаштары жооп айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-апрель күнү Талас-АКИпрессте көчмө маалымат жыйын өттү. Маалымат жыйынга Айтматов районунун Үч-Булак айылынын тургуну Майлюбай Карачев, Мелис Усупбеков, Мирика Казакбаевдер келишти.

Алардын айтымында, айылдашы А.О. 26-март күнү АКИпресске маалымат жыйын берип, бир катар туура эмес маалыматтарды айткан.

«Биз ал айтып чыккан сөздөргө нааразы болуп, чын-төгүнүн айтып берүүнү туура көрдүк. Биринчи маселе «айылда таза суу боюнча долбоордо акчаны Майлюбай Карачев алып алды» деп жатат. Анын чоо-жайын айтайын. Айылда таза суу жок деп, көп жыл чуркап жүрүп, өзүм сметалык долбоорун жасатып, ар бир эшикти каккылап отуруп колдоо тапкан эле. Анан жалпы долбоор 18 млн сомго жазылган. 2017-жылы 1 транш менен 7 млн сом каралып, андан бери турат. Билимдүү адамдардын баары эле билет, андай долбоор өткөн соң тендер өткөрүлүп, уткан фирмага каржы Талас облустук өнүктүрүү фонду тарабынан которулуп, ишке ашат. Аны эч ким чөнтөгүнө салып ала албайт. Ал боюнча көп текшерүүлөр болуп, иш толук аткарылган деп жыйынтык чыккан. Улам тергөө болуп экинчи транш которулбай, иш токтоп турат.

Экинчи маселе биздин айылга «В.Г.» аттуу тоо-кен компаниясынан социалдык пакет катары 437 миң сом акча каражаты жыл сайын которулат. Атайын айылдын фонду бар. Ал фондго бул А.О. төрага болгон. Ал жерде 2022-жылга чейин алганда 900 миң сомдой акча болушу керек. Бирок акыркы жолу айылда бирөө катуу ооруп, Түркиядан операция болушу керек деп, бул фонддон эл «акча бөлүп бер» дегенде, бул төрага акчаны мурда эле өзү эсептен чыгарып алганы белгилүү болду. Ага бере турган каражатты өзү таап келди. Анан кийин эле эл ишенбөөчүлүк көрсөтүп, банкка чейин барып, «чекти көрсөт, канча каражат калды?» десе качып кетти. Анан эл чогулуп кайра «мени (Майлюбай Карачевди) төрага бол, акчаны ордуна толуктаганча болуп бериңиз» деп суранышты. Бирок бүгүнкү күнгө чейин А.О. печатты бербей качып жүрүп, иш Жогорку сотко чейин жетип, ал жактан дагы райондук соттун чечими күчүндө калтырылды. Райондук, облустук, Жогорку соттон дагы жеңилди. Буга чейин 3 төрага болуп, алар тынч эле печатты, эсептеги акчаларды өткөрүп беришкен. Бул бербей, Жогорку сотко чейин жетип жеңилди.

Бул бала «айылда ФАП салынды, аны текшергиле, жеп кетти» деп жазды. Тротуар салынды анын үстүнөн арыз жазды. Мектептин ажатканасы салынды. Аны дагы жазды. Айылда эмне иш болбосун баарын жазып жатат. Ага сүйлөгөн адамдын үстүнөн эле арыз жазып коёт. Ал Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурунку жетекчисинин классташы болот. Ошого ишенип алып, кол алдындагы милиция кызматкерлерин талаада иштеп жаткан жерибизге чейин жөнөтүп, үстөмдүк кылып келди. М.К. баш көтөрүп сүйлөгөнүбүзгө эле басым кылып, «автоунаанызга айып пул келди» деп үйгө айып пулдар келип баштады. Болбосо ал жерге барып, ылдамдык бузган деле жайыбыз жок. Аны менен дагы соттошуп отуруп, экспертизанын протоколдо биздин атыбыздан коюлган кол тамгалар жасалма деген корутундусун алып отурабыз.

Жазда Киров суу сактагычынын жээгинде суу тартылып, ошол жерлерди колунда жоктор алчу. 3 жылдан бери бул экөө алып, айылга бир сом беришкен жок. Жерди ижарага берди деген квитанцияларына чейин колубузда. Биз дагы ак жерден күйүп кеттик. Баарыбыз сурак берип, соттошуп, абдан тажадык», — деди алар.

— — — — — — — —

Буга чейин 26-мартта Талас облусунун Айтматов районундагы Үч-Булак айылынын тургуну, «Куткел Теңуул» коомунун төрагасы Авазбек Орозбеков айылдын жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан аймакка таза суу чыгаруу долбоорунан акча уурдалганын айтып, «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында өлкө башчысы Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, айылындагы коррупциялык иштерди аныктоого көзөмөл жүргүзүүнү суранган.

«Айылыбызга таза суу киргизүү боюнча 2017-жылы Талас өнүгүү фондунан 18 млн сом бөлүнгөнү, «Рахат» ЖЧК тарабынан 6 млн 242 миң сомго суу киргизүү иштери жүргүзүлгөнү тууралуу кагаздар менен таанышып чыктым. Бөлүнгөн акчанын калган суммасы белгисиз экенин аныктадым. Учурда айылда таза суу жок. Мен райондук сотко кайрылганымда териштирүү 1 жылга созулуп, айыл өкмөттүн 4 кызматкери мамлекетке 1 млн 700 миң сомдун тегерегинде акча кайтарып, иш кыскартылган. Алар учурда боштондукта. Кийин облустук сотко кайрылганымда райондук соттун чечимин күчүндө калтырышты», — деген ал.

Ал буга катар эле акчанымыйзамсыз колдонгон жактар бул ишти жабуунун айласын көрүп, айылдын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы М.К. сот иштерине мыйзамсыз каражат коротуп жатат деп арыз менен кайрылганын айтып берген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE