Пример HTML-страницы

Таласта оюнчук саткан дүкөндүн ичинен 230 миң сом акча уурдалып, Кара-Бууранын тургуну кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында базардагы дүкөнгө уурулукка кирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 12-мартында Талас ШИИБге дүкөн ээлери арыз менен кайрылышкан. Анда 12-мартка караган түнү саат 00:30 чамасында Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Оюнчук» аталышындагы дүкөнүнүн ичинен 230 миң сом акча белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендиги кабарланган.

Көп өтпөй, ошол эле аймакта уюлдук телефон саткан дүкөндө жалпы баасы болжол менен 29 миң сомду чапчыган телефондор уурдалганы белгилүү болгон.

Аталган фактылар Талас ШИИБ тарабынан КБРге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Аны менен катар Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Талас ОИИБдин жана ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде, бул кылмыштарга шектүү катары Кара-Буура районуна караштуу Кара-Сай айылынын 21 жаштагы тургуну К.Х. кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE