Пример HTML-страницы

Таласта кооптуу муз тебүүчү жай жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунда кооптуу муз тебүүчү жай жабылды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 22-январь күнү социалдык түйүндөргө муз тебүүчү жайдан белгисиз адам 30 сомдон акы алып жатат деген маалымат тараган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Талас районуна караштуу Козучак айылынын тургуну Б.А. муз тебүүчү жайга келген адамдарга баллондорун саатына 30 сомдон ижарага бергендиги аныкталган. Козучак айылындагы муз тебүүчү жай бүгүнкү күндө жергиликтүү аймактын административдик чегиндеги жайыт категориясындагы жер болуп эсептелет. Бирок ага союз убагынан бери эле Талас өрөөнүнүн бардык жагынан келип, кышкы убакта чана, муз, лыжа тепкен эс алуучу стихиялуу жай болуп келген. Муз тебүүчү жай жеке менчикке берилген эмес жана эс алуучулардан акча алып жаткандыгы боюнча арыз, кайрылуулар түшкөн эмес.

Учурда аталган муз тебүүчү дөңсөөгө бара турган жолдор жабылып баллон, чана менен ылдый түшүп жаткан жерлерге кум, топурак себилип айыл аймак башчысына жана участкалык милиция кызматкерине дайыма көзөмөлгө алып туруу керектиги эскертилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE