Пример HTML-страницы

Таласта «Ауди» текшерилгенден кийин айдоочусу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунда жасалма номур менен жүргөн унаа аныкталды. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тобунун кызматкерлери тарабынан «Ауди А4» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Унааны текшерген учурда транспорт каражаттын техникалык каттоо жөнүндөгү күбөлүктө көрсөтүлгөн номуру менен автоунаага тагылган номур дал келбегендиги аныкталган.

«Айдоочу териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Талас РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE