Пример HTML-страницы

Таласта акыркы коңгуроо салтанатында окуучулардын ресторандарда отурушуна тыюу салынды

Акыркы жанылыктар

Turmush18-май күнү Талас шаарында Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ата-энелер менен бирге жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Атай Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде өткөн жыйынга шаардын аймагында жайгашкан 9 орто мектеп жана 1 лицей комплексте окуган 11-класстын жана 9-класстын окуучуларынын ата-энелери катышты. Анда 2021-2022 окуу жылынын аякташы менен 9-июнь күнү акыркы коңгуроо салтанатында окуучулардын кафе-ресторандарга отурушуна жана унааларды жалдоого тыюу салынганы эскертилип, ата-энелерге ​түшүндүрүү иштери жүрдү.

Жыйынга жалпысынан 100гө жакын окуучу жана ​ата-энелер ​катышты. Анда мектеп окуучуларына тиешелүү нускамалар берилип, массалык эс алуулар, салтанаттуу ​ майрамдоо иш-чаралардын өтүү тартиби талкууга алынды. Билим берүү мекемесинин кызматкерлерине алардын жоопкерчиликтери жана милдеттери айтылды. Ата-энелерге балдарына катуу көзөмөл кылып, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын болушуна жол бербөө боюнча маалымат берилди.

Мындай иш-чара облустун ар бир районунда пландалып, ишке ашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE