Пример HTML-страницы

Таласта 50 жаштан жогорку курактагы аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-май күнү Талас шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата аялдар арасында волейбол мелдеши уюштурулду. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ынтымак» аталышындагы турнирде 50 жаштан жогорку аялдардан турган 4 курама команда катышууда. Турнирдин максаты— эл ичиндеги ынтымакты бекемдөө менен улгайган курактагылардын саламаттыгын чыңдоо. Учурда Талас шаарынын командасы Нарын шаарынан келген коноктор менен оюн өткөрүп жатышат.

Турнирди Талас шаарынын мэринин орун басары Мира Сейдикеримова ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Талас облустук спорт комитетинин жетекчиси Бакыт Карабеков жана командаларды жетектеп келген Азимкан Ашыралиев сөз сүйлөп, акыркы жылдары улгайган курактагылар спорттук иш-чараларга активдүү катышып жатышканын белгилеп өтүштү. Турнир концерттик программа менен коштолуп, бийчилер тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE