Пример HTML-страницы

Таласка Казакстандан көмүр алып келип, 1 тоннасын 5100 сомдон сатуу пландалууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-ноябрда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков ишкерлер Олег Зимодро, Аман Асыранкулов менен жолугуп, элди Казакстандын Каражыра көмүрү менен камсыз кылуу маселесин талкуулады.

Маалым болгондой, облус башчысы Талас облусуна 1 жылда 58 миң тонна көмүр керектелерин жана учурда анын 65% ташылып бүткөнүн белгиледи. Казакстанда көмүрдү сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынгандыгына байланыштуу Кара-Кече кенинен көмүр ташып келүү иши уюштурулуп, анын тоннасы 5200 сомдон 5500 сомго чейин сатылып жатат.

Ишкерлер Талас облусунун элин Казакстандын Каражыра көмүрү менен камсыз кылууга даяр экенин жана алгачкы 3000 тонна көмүрдү 1 жуманын ичинде «Маймак» станциясына алып келүү күтүлүп жатканын айтты. Тараптар Каражыра көмүрүнүн 1 тоннасынын наркы 5100 сомдон болорун белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE