Пример HTML-страницы

Талас шаарынын эки тургуну каракчылыкка шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында каракчылыкка шектелип эки тургун кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-мартында белгисиз адамдар Талас шаарынын 1978-жылы туулган тургуну М.С.ны ур-токмокко алып, күч колдонуу менен уюлдук телефонун жана акча каражатын алып кетишкендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт Талас ШИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыштын бетин ачуу максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Талас ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарынын тургундары — 1978-жылы туулган А. Т. жана 1979-жылы туулган У.Т. аттуу жарандар кармалган.

Алар Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE