Пример HTML-страницы

Талас шаарынын борбордук базарындагы баа

Акыркы жанылыктар

Turmush1-сентябрь — Билим күнү жакындап, базарда балдарын жетелеп, кийим сатып алып жүргөн ата-энелер көп. Turmush басылмасынын кабарчысы Талас шаарынын борбордук базарындагы бааларды тактады.

Сатуучу Айнура Медет кызынын айтымында, кийим-кеченин баасы кымбат болууда.

«Мисалы, былтыркы жылы жөнөкөй эле форма-фартукту 700-800 сомдон сатыкка чыгарсак, быйыл 1 миң сом болуп жатат. Базарда эл абдан көп, баары балдарын мектепке даярдоо менен алек. Балдардын шымы 900-1000 сом, көйнөгү 500 сомдон жогору болууда. Спорттук кийим асты-үстү менен 1500-3000 сомго чейин бааланат. Андан кымбатын көп алышпайт», — деди ал.

Ал эми бут кийимдер 800 сомдон 4000 сомго чейин сатылып жатат. Спорттук бут кийимдер 1 миң сомдон жогору бааланууда.

————————————————————-

Билим берүү жана илим министлигинин маалыматы боюнча, мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ. Спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) тигилет.

Окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган «үстү ачык, асты кара түстөгү» форма менен камсыздаса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE