Пример HTML-страницы

Талас шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук спартакиада уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында турак жай коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө карата мекеме-ишканалардын арасында спорттук спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган мелдеш спортту кеңири жайылтуу жана сергек жашоого үндөө максатында А.Чолпонкулов атындагы №1, №5 орто мектептеринде жана спорт комплексте өткөрүлдү. Ага Талас шаарындагы муниципалдык, коммуналдык чарба кызматтарынан жалпы 7 команда катышып, спорттун волейбол, футбол, эстафета түрү боюнча күч сынашты.

Мелдештин жалпы жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болушту:

I орунду Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалы,

II орунду Талас шаардык электр тармактар ишканасы,

III орунду Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE