Пример HTML-страницы

Талас облусундагы мектептер онлайн окутууга өтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусундагы мектептер менен бала бакчалары 15-декабрга чейин онлайн окутууга өтүштү. Бул тууралуу Талас облустук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим аба ырайынын кескин суук болуп кеткенине байланыштуу кабыл алынган.

Аба ырайы:

Кыргызгидромет 13-декабрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым аймагында кар жаай турганын кабарлаган.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймагында, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым аймагын туман каптайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -20…-25, түндүк тарабында -22…-27

күндүз -12…-17

Талас облусунда

түнкүсүн -22…-27

күндүз -10…-15

Баткен облусунда

түнкүсүн -7…-12

күндүз -3…-8

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн -7…-12

күндүз -3…-8

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн -14…-19, Түп районунда -16…-21

күндүз -4…-9

Нарын облусунда

түнкүсүн -13…-18

күндүз -11…-16

Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -22…-24°, күндүз -14…-16 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16°, күндүз -7…-9° болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE