Пример HTML-страницы

Талас облусунда майып балдарга акчалай жардамдар таратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусуда 3-декабрь — Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата сый тамактар уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Талас шаарында К.Медетбеков атындагы облустук драма театрынын өнөр адамдары тарабынан чакан концерттик программа тартууланып, 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сый дасторкон уюштурулду. Демөөрчүлөр тарабынан 100дөн ашуун үй-бүлөгө белектер тапшырылды. Талас шаары боюнча жалпы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1500 жакын жаран бар. Алардын ичинен 292 бала 18 жашка чейинки курактагы балдар.

Талас районунда 70 балага сый тамак уюштурулуп, белектер берилип, маданият бөлүмүнүн кызматкерлери концерттик программа тартуулады. Талас району боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 1087 жаран бар. Анын ичинде 18 жашка чейинки курактагы 514 бала бар.

Манас районунда Покровка аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде мүмкүнүчүлүгү чектелген жарандарга жардам жана колдоо көрсөтүү максатында марафон өткөрүлдү. Манас райондук мамлекеттик администрациясынын атынан 5000 сомдук сертификат тапшырды. Ошондой эле марафонго келген коноктор — укук коргоо органдарынын, мекеме уюмдардын жетекчилери айыл өкмөт башчылары өз салымдарын кошуп кетишти. Андан тышкары райондун жеке ишкерлери, жеке жарандар тарабынан да материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Марафондун алкагында камсыздандырылуучулары жана райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды. Манас району боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 934 жаран бар. Анын ичинде 18 жашка чейинки курактагы 182 бала бар.

Айтматов районунда да мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көргөзүлдү. Акимчилик тарабынан акчалай белектер тапшырылды. Айтматов району боюнча жалпы мүмкүнчүлүгү 791 чектелген жаран бар. Анын ичинен 18 жашка чейинки 428 бала бар.

Бакай-Ата районунда иш-чара уюштурулуп, майыптыгы бар 81 балага жана аларды баккан ата-энелерине сый тамак уюштурулду. Андан тышкары район боюнча жашы жете элек 359 балага белектер тартууланды. Демөөрчүлөрдөн түшкөн каражаттан райондун тоголок-жетим балдарынын эсеп-кысабына 12500 сом өлчөмүндө акча которулду. Бакай-Ата району боюнча жалпы 2278 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинен 359у 18 жашка чейинки балдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE