Пример HTML-страницы

Түптүн айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында айыл аймагынын башчысынын 3-августундагы №66 буйругунун негизинде аталган айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бүгүн таң эрте сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого 3 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа сууну тазалоого тартылган.

Мындан сырткары авариялык куткаруу автоунаасы, райондук жол тейлөө ишканасынан 1 жол сүрүүчү грейдер, 1 жүктөгүч, ӨКМден 3 экскаватор жеринде тазалоо жумуштарын аткарып жатышат.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын райондорунан 62 аскер кызматкер жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматынан 50 адам тазалоо иштерине чыгышкан. Буга кошумча 2 аценизатордук унаа, КДМБдан 80 аскер кызматкери тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE