Пример HTML-страницы

Түп—Кеген эл аралык жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Түп—Кеген эл аралык жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлөт. Бул туралуу көзөмөл аткарган эл аралык компаниянын жоопту инженердин орун басары Султан Сарбагышев билдирди.

Анын айтымында, эл аралык жолдун 39-чакырымынан 76-чакырымына чейинки аралыкка 4-6 метрге чейин көпүрөлөр салынып, 1,5 метрге чейин түтүктөр орнотулууда. Мындан сырткары эки жума аралыгында аскаларды уратуу жумушу аяктайт. Ал эми асфальт басуу мерчеми август айында жүргүзүлөт.

«Сары-Тологой айылынан кыргыз-казак чек арасына чейинки аралыкта жолду оңдоп-түзөө жүргүзүлөт. Түп—Кеген жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки капиталдык оңдоо 2022-жылдын октябрь айында башталып, 2025-жылы толук кандуу аяктайт. Буга кошумча тарыхый Сан-Таш (үйүлгөн таш) музейине кетчү 1 чакырым жол асфальтталып, унаа токтоочу жай да камтылат. Долбоорго ылайык, жолду асфальттоо 32 айда бүткөрүлүп, аны менен катар кошумча 3 жылдык кепилдик мөөнөттө аяктайт. Быйыл план боюнча, Түп—Кеген жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлөт. Азыркы тапта 700 метр аянтка сыноо иретинде асфальт басылып, сапаты текшерилүүдө. Алдыда кыргыз мамлекеттик курулуш компаниясы уруксат берүү боюнча сертификат берсе, август айында жумуш толук кандуу башталат», — деди С.Сарбагышев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE