Пример HTML-страницы

Сыналгынын «өмүрүн» кантип узартса болот? Кара-балталык С.Тихоновдон кеңеш

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну Сергей Тихонов 35 жылдан бери сыналгы оңдоп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Сергей Тихонов 1986-жылдан тарта телемастер болуп иштеп баштаган.

«Аскерден келгенден кийин темир жолдо иштейин дегем, бирок көз боюнча медициналык комиссиядан өтпөй калдым. Ага чейин ата-энем түстүү сыналгы сатып алып, 3 жолу оңдотконго алып барышты. Сыналгы 65 кг болчу. Муну менен катар эле унаабыз жок болчу, ошондуктан сыналгыны араба менен алып барчубуз. Ата-энем мени Фрунзеге телемастер адистигине окууга жөнөттү. Окууну бүтүп, Кара-Балта шаарындагы радиотелеательеге иштөөгө келдим», — деди ал.

Анын айтымында, 1985-жылы жарым өткөргүчтүү сыналгыларды чыгарып башташкан. Ал алган билими жетпей турганын түшүнүп, Томск политехникалык университетине тапшырып, 6 жыл сырттан окуп, ийгиликтүү аяктаган.

«Эгер санай турган болсок, бул убакытта сыналгылардын 7 муунун окуп, үйрөндүм. Алардын баары иштөө принциби жана баасы менен айырмаланат. Биздин өлкөгө Германия жана Япониядан сыналгылар алынып келген учур эсимде. Биздин Кара-Балтада андай сыналгыларды абдан бай адамдар гана ала алчу», — деди Тихонов.

Бүгүнкү күндө техникалык прогресс болуп, телемастерлер сыналгы оңдоо рыногунда калуу үчүн улам окуп турушу керек.

«XX кылымдын 70-80-жылдарында тиричилик техникасы, анын ичинде сыналгы кымбат болуп, ошондуктан көпкө иштеши керек деген принцип бар болчу. Ал эми учурда сыналгы чыгаргандар 3-5 жылдык колдонууга ылайыктап чыгарышат. Бүгүнкү күндө техникалык прогресстин дүйнөлүк тенденциясы ушундай. Тилекке каршы Кыргызстанда баары эле сыналгынын жаңы түрүн сатып ала албайт, ошондуктан эски сыналгынын «өмүрүн» узартууга аракет жасашат. Муну жасоо оор, биздин устакана эски сыналгыларга толду, аларды тетик катары колдонобуз. Көбүнчө бир фирманын сыналгысынын тетиктери башка фирманыкына туура келбейт», — дейт ал.

С.Тихонов бүгүнкү күндө көбүнчө сыналгынын кайсы тетиги иштебей калып жатканын айтып берди.

«Көбүнчө экраны талкаланат. Экранды алмаштыруу оор эмес, бирок анын баасы жаңы сыналгынын баасына барабар болуп калышы мүмкүн. Сыналгынын «өмүрүн» узартуу үчүн күн сайын кечинде электр розеткадан сууруп салуу керек. Практика көрсөткөндөй, мындай жөнөкөй иш аракет сыналгынын «жашоосун» узартат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE