Пример HTML-страницы

Сузактык дыйкан күнөсканада помидор өстүрүп, аптасына 3 тонна түшүм алып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Максат Абдаразаков кыш чилдеде күнөсканада өстүрүлгөн помидорлорду сатып, киреша табууда. Элет жериндеги дыйкан менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Каарманыбыз райондун Атабеков айыл аймагына караган Түрк-Абад айылында жашайт. Ал өткөн жылы айыл өкмөткө кайрылып, 2 гектар жерди ижарага алып, инвесторлордун колдоосу менен күнөскананын курулушун баштаган. Ушул тапта алгачкы түшүмдү жыйнап, сатыкка чыгарып жатат.

«Өзүм буга чейин айылда жер иштетип, дыйканчылыктан тапкан каражатка үй-бүлөмдү багып келчүмүн. Кыштын күнү үйгө чакан күнөскана куруп, анда жашылча-жемиштердин көчөтүн өстүрүп, базарга сатыкка чыгарам. Акыркы жылдары интернеттен чет өлкөлөрдөгү күнөсканалардын курулушун, анда өскөн мөмө-жемиштерди көрүп, кызыгып калдым. Менин бул максатымды Америкада эмгектенген бир тууган иним билим, каражат жагынан колдоо көрсөтөрүн айтты. Ошондон тарта айыл өкмөткө кайрылып, 2 гектар жерди 5 жылга ижарага алып, курулуш иштерин өткөн жылдын март айында баштап, июнь айында толугу менен жумуштар аягына чыкты. Заман талабына ылайыкташкан калың полиэтилен клеенка, куралып, кайра жыйналчу каркастарды жана акылдуу мештерди, тамчылатып суугаруучу жабдыктарды коңшу Өзбекстан Республикасынан сатып алдык.

Былтыр июль айында Голландиянын канова деген сортундагы помидорунун 35 миң даана көчөтүн отургуздук. Ал 120 күндө бышып жетилип, ноябрь айынын башында түшүмүн бере баштады. Алгач базарга алып чыгып, өткөрө албай, кайра үйгө кайтып келген күндөр болду. Азыр баары ордунда, туруктуу кардарларыбыз бар. Аптасына 3 тоннадан ашык түшүм жыйнап, кардарларга жеткирип турабыз», — дейт Абдаразаков.

Дыйкан күнөскананын иштеп баштагандан бери айылдагы ондогон кыз-келиндер жумуш менен камсыз болгонун айтат.

«Ушул тапта күнөскананын бир тарабындагы помидорлор жыйналып жатса, экинчи тарабында көчөттөр бышып жатат. Тактап айтканда, февраль айынын башынан тарта дагы түшүм чогулта баштайбыз. Ал эми эски помидордун ордуна бадыраң көчөттөрүн тигебиз. Күнөскана иштеп баштаган учурдан тарта айылдагы ондогон аялдар жана 5 эркек киши туруктуу жумуш менен камсыз болду. Алардын эмгек акысы күнүнө 700 сомдон, жумушчулар апта сайын айлык алышат», — деди ал.

Максат Абдаразаков 47 жашта, ал 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE