Пример HTML-страницы

Сузактагы Көк-Арт платинасы 5 миллион сомго оңдолуп жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районундагы Эшимбек Жороев атындагы Көк-Арт платинасында капиталдык оңдоо жумушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Абдыраим Жаркынов билдирди.

Анын айтымында, сугат сууну коромжусуз элге жеткирүү максатында оңдоодон өтүп жаткан тосмодон Таш-Булак, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүнүн 19000 миң гектар айыл чарба жерлерине суу жеткирилет. Суу өткөрүлүүчү тетиктер жаңыланып, тосмонун оюлуп кеткен жерлери кайрадан бетондолуп бүтүп калды. Бул иштер үчүн республикалык бюджеттен жалпы 5 миллион сом ажыратылып берилди. Көк-Арт дарыясында жазында секутасына 300-400 куб суу келет.

Сузак району боюнча 150 чакырым канал бар. Алардын 85 чакырымы жер алдынан өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE